Түрк тилдерин компьютердик иштетүү боюнча “TurkLang 2019” VII-Эларалык конференциясы
Урматтуу кесиптештер!
Түрк тилдерин компьютердик иштетүү боюнча “TurkLang 2019” VII-Эларалык конференциясы 2019-жылдын 3-5 октябырында Симферопольде (Крым, РФ) болуп өтөөрүн кубаныч менен билдиребиз.
Конференциянын иштөө багыттары:
- Түрк тилдеринин формалдык моделдери
- Компьютердик системаларды улуттук локалдаштыруу жана терминология
- Түрк тилдеринин электрондук корпустары
- Тексттерди морфологиялык жана синтаксистик иштетүү системалары
- Сүйлөөнү таануу жана синтездөө системалары
- Тексттерди семантикалык иштетүү системалары
- Машиналык которуу системалары
- Түрк тилдерин үйрөнүүнүн интелектуалдык системалары жана технологиялары
- Түрк тилдеринин лингвисттик онтологиялары
Негизги даталар:
Макалалардын абстрактын жиберүү | 10-августына чейин |
---|---|
Макалалардын текстин жиберүү | 1-сентябрына чейин |
Рецензия жыйынтыктарын жиберүү | 20-сентябрда |
Конференциянын программасын жарыялоо | 25-сентябрда |
Конференциянын өтүүсү | 3 – 5 октябрда |